Садыр Жапаров президенттикке аттануу үчүн БШКга арызды эртең тапшырат

Президенттин милдетин аткаруучусу, өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттикке аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызды эртең, 14-ноябрда тапшырат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жапаров ыйгарым укуктарын да эртең тапшырышы күтүлүүдө.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз, Элеонора Турдубекова, Урустам Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбылбек Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Үмөталиева, Арсланбек Малиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан