Дагы 3 талапкер президенттикке аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын беришти. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Анар Зарипова (Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде декан), Куттуумидин Базаркулов ("Дербиш" фондунун директору) жана Бакыт Романов (убактылуу иштебейт) президенттикке аттануу үчүн арыз берди.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов, Кубанычбек Касенов, Садык Шер-Нияз, Элеонора Турдубекова, Урустам Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбылбек Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Үмөталиева жана Арсланбек Малиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.