Каракол шаарында милиция кызматкерлери жоголгон малды ээсине кайтарып беришти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында милиция кызматкерлери жоголгон малды ээсине кайтарып беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү 47 жаштагы жергиликтүү тургун Каракол шаардык милиция бөлүмүнө кайрылып, болжол менен саат 17:00 аралыгында шаардын четиндеги жайыттан жоголуп кеткен 2 саан уйларды издешүүгө көмөк көрсөтүүсүн суранган. Арыз ээсинин айтымында, малдын жоголгонун байкагандан кийин, өз алдынча издөөгө аракет көргөн. Бирок, издөө иштери натыйжасын бербеген соӊ, милицияга кайрылууну чечкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан эки атайын издөө топтору түзүлүп, 12-ноябрь күнү жоголгон саан уйлар Ак-Суу районунун айылдарынын биринин жанынан табылып, мал ээсине кайтарылып берилген.

«Жайыттан малды уурдоонун жана анын белгисиз жагдайда жоголушунун негизги себеби, мал ээлеринин мал жандыктарга тийиштүү көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү болуп эсептелинет. Ушундан улам, мал ээлерине малды кароосуз калтырып кетүүдөн алыс болушун сунуш кылабыз", - деп билдирет Каракол шаардык милициясынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан