Тоӊ районунда айдоочу жөө адамды сүзүп, качып кеткен

Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда айдоочу жөө адамды сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү Тоӊ РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда жергиликтүү тургунду белгисиз унаа сүзүп, алган жаракаты менен келип түшкөндүгү билдирилген. Бейтаптын абалы туруктуу жана ага медициналык жардам көрсөтүлгөнү дагы маалымдалган.

Жабырлануучу милиция кызматкерлери тарабынан суралганда, ал ошол күнү болжол менен саат 21:25 чамаларында Бөкөнбаев айылынын көчөлөрүнүн кесилишинен өтүп бараткан учурда белгисиз көк түстөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин айтып берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында унаанын айдоочусунун аты-жөнү аныкталып, кармалган. Ал Бөкөнбаев айылынын 67 жаштагы М.К. аттуу тургуну болгон жана күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Мерседес-Бенц Е 200 үлгүсүндөгү унаа айып төлөнүүчү жайга токтотулуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан