Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жөө вдамды белгисиз унаа сүзүп, айдоочу жол кырсыгы болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бүгүн, 13-ноябрь күнү болжол менен саат 14:10 чамаларында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу келип түшкөн. Телефон чалган адам, Кыдыр-Аке көчөсүнүн түндүк тарабынан белгисиз унаа жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин жана жабыр тарткан адамды «Тез жардам» кызматы алып кеткендигин билдирген.
Түшкөн маалымат боюнча тез аранын ичинде перехват операциясы киргизилип, шаардын чыга бериш жолдорунда милициянын посттору орнотулган. Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе, жол кырсыгына шектүү айдоочу кармалган. Айдоочу Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын 70 жаштагы С.К. аттуу тургуну болгон.
"Алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, өзүнө тиешелүү болгон Ауди А6 үлгүсүндөгү автоунаасы менен жол кырсыгына кабылгандыгын айтып берген. Жол кырсыгынан жабыр тарткан Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын 41 жаштагы тургуну Н.М. денесинен алган жаракаттары менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаткырылган. Аталган факты Каракол ШИИБинин маалыматтык электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн чогулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Соттук-техникалык экспертиза дайындалып, унаа айып төлөнүүчү жайына токтотулду", - деп билдирди басма сөз кызматынан.