Милициянын кайгуул кызматы авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдаган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 17:10 чамасында Чүй жана Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишинен BMW үлгүсүндөгү унааны терезелерин караңгылатып жүрөт деген шек менен токтотушкан.
Текшерүү учурунда 1981-жылы туулган С.Э. аттуу айдоочу унаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдап жүргөндүгү аныкталып, айдоочуга карата протокол толтурулган. Унаа айып короосуна киргизилди. Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн жол эрежелерин так сактоого чакырат.