Бүгүн, 13-ноябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Ахунбаев көчөсү менен Чортеков көчөсүнүн кесилишинен Хонда-Одиссей менен Volkswagen унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгынын натыйжасында бир жаран жабыркаганы айтылууда. Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барып жатат.