Милициянын кайгуул кызматы жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады

Милициянын кайгуул кызматы жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

12-ноябрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Абрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номерлүү унаа турат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Nissan Pathfinder унаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги текшерүү учурунда аныкталган.

Бул факты боюнча унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочусу Свердлов РИИБине жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан