Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров Өзбекстанга коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ал белгилегендей, өзбек тарап Кыргыз өлкөсү үчүн оор мезгилде гуманитардык жардам, дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары, медициналык шаймандарды бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылган билдирүүдө.

Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан