Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызматынын ыйгарым укуктары президенттик шайлоонун жыйынтыгы аныкталганга чейин токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесине ылайык премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөлдү.