Чүйдө унаа жуучу жай ичиндеги унаасы менен өрттөнүп кетти

Бүгүн, 15-ноябрда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы унаа жуучу жай унаасы менен кошо күйүп жаткан видео социалдык тармактарга тарады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканыбызда маалыматты тастыктады.

"Аламүдүн районундагы Ленин айылынын Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:42де Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.

Ленин айылында унаа жуучу жай өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан