Ырчы Нелянын апасы пневмония илдетинен каза болду. Бул тууралуу ырчы айымдын жакындары ырасташты.
Маалым болгондой, Неля айымдын апасы кечээ, 15-ноябрда көз жумду.
Буга чейин ырчы апасы ооруп жатканын, анын жакшы болуп кетеринен үмүттөнүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Урмат Усенов менен Неля айымдын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.