Кечээ, 15-ноябрда Бишкек шаарынын Аламүдүн аймагындагы ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты тастыктады.
"Аламүдүн айылындагы Проскуряков көчөсү №3 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 450 чарчы метр болгон эки кабаттуу турак үй, сарай, гараж жана Mazda Premacy үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.