Нарын облусунун Кочкор районунда айылдашын таш менен чаап өлтүргөн деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү саат 8:30 чамасында Кочкор РИИБинин 102 кызматына тургун кошунасынын жансыз денеси үйүндө жаткандыгы тууралуу маалымат берген. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда кебетеси азиат түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси табылган.
Окуя болгон жерден алынган далил заттарга жана маркумдун денесинен алынган канга соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор районунун Мантыш айылынын 1995-жылы туулган Ш.Ж. аттуу тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Шектүүнүн берген көрсөтмөсүндө маркум экөө жолугуп, өз ара жакалашып уруша кетишкенинен ал жерден шектүү качып кетип, маркумду үйүнүн жанында күтүп турган. Ал үйүнө келе жаткан учурда артынан келип таш менен башка чаап, үнү чыкпай калганда үйүнө сүйрөп кирип таштап кетип калгандыгын билдирген. Бүгүнкү күндө бул факты боюнча Кочкор райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.