Чек арадан күйүүчү майды мыйзамсыз алып өткөн Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунун Майты аймагында чек арачылар 1981-жылы туулган Н.Д. аттуу Тажик жаранынын башкаруусундагы КамАЗ унаасын токтотушкан.
"Жүк ташуучу унаа көзөмөл өткөрүү жайынан тышкары жол менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип бара жаткан. Унааны текшерүү учурунда 8 тонна күйүүчү майлоочу май табылган. Ал эми айдоочуда күйүүчү майларды ташуу боюнча тиешелүү документтери болгон эмес. Мындан тышкары ал Кыргыз өлкөсүнө таандык жасалма мамлекеттик номурларын колдонгон.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана күйүүчү майлар кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.