Бүгүн, 16-ноябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толду. Анын массалык маалымат каражаттарына көп жайылбаган, бирок жылмаюу тартуулаган сүрөттөрүн топтодук.
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биймырза (Тельман) айылында төрөлгөн. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, советтик Кыргызстандагы ири колхоздун башчысы Шарип Жээнбеков болгон. Сооронбай Жээнбеков кадимки айылдык балдардын турмушун көрүп өскөн. Жээнбековдор көп бир тууган - 6 уул, 4 кыз. Агалары Искендер жана Кантөрө Жээнбековдор дүйнөдөн өтүп кетишкен.
Классташтарынын арасында боюнун узундугу менен айырмаланып турган Сооронбай Жээнбековду ага билим берген мугалими Вера Эшматова жөнөкөй, таптакыр конфликтке барбаган окуучу катары сыпаттайт. Бирок спорттук иш-чараларда, волейбол ойногон жерлерде, улак тартылып жаткан аймакта аны дайым көрүүгө болот эле дешет замандаштары.
Советтер Союзундагы талапка ылайык, келечектеги президент дагы жогорку окуу жайына тапшырганга чейин эмгек жолун баштап, 1976-жылы мектепти бүткөн соң Өзгөн районунда бир жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.
САЯСАТТАГЫ ЖОЛУ
Сооронбай Жээнбеков Cкрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, 1983-жылы зооинженер адистигин алып, ийгиликтүү аяктаган. 1983-1995-жылдар аралыгында ал жөнөкөй кызматкерден, жетекчиликке чейинки кызматтарды басып өткөн.
1995-жыл Сооронбай Жээнбековдун жашоосуна бурулуш алып келген, саясий жолу башталган жыл деп эсептөөгө болот. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышына бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келген Жээнбековдун президенттик кызматты көздөй кадамдары башталган.
3 ирет катары менен бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген Сооронбай Жээнбеков 2007-жылы Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттө айыл чарба жана өнөр жай министри кызматына келип, жарым жылдан кийин жумушун тапшырып отставкага кеткен. 2007-2010-жылдар аралыгында ал ишкерлик менен алектенет.
2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнөн кийин Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп дайындалат. 2012-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына бекиген.
2015-жылы Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп барып, аз өтпөй президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматында иштеп баштайт. Ал эми 2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын өкмөт башчылык кызматына дайындалат. 2017-жылы 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланган. 2020-жылдын 15-октябрында ал отставкага кетти.
ҮЙ-БҮЛӨСҮ
Экс-президенттин үй-бүлөсү тууралуу маалымат аз. Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл үй кожойкеси. Алардын ортосунда бир уул, бир кызы бар. Кызы Бактыгүл Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан. Ал Сооронбай Жээнбековго "таята" статусун ыйгарып, наристелүү болгону маалым. Эң аз маалымат президенттин уулу тууралуу.
Иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты, экс-төрага.
Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси. Буга чейин ал Кувейттеги, Мароккодогу, Иорданиядагы жана Бахрейндеги элчилик кызматты айкалыштырып иштеген.