Ош шаарында 78 жаштагы аксакалды уруп, 7 миң сом акчасын алып кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрь күнү саат 18:25 чамасында Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон.
"Аксакал үйүнө кирип бара жаткан учурда артынан белгисиз жаран келип, муунтуп сабап, 7 миң сом акчасын алып качып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чараларынын негизинде шектүү кармалган. Ал Кара-Кулжа районунун тургуну 44 жаштагы М.Ж. аттуу жаран. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралууда. Ал уурулук жана башка кылмыштар менен 14 жолу соттолгон", - деп билдирди басма сөз кызматынан.