Ошто балкондон баштыкка оролгон абалда табылган наристенин апасы зордукталганын айтып арыз жазды

Буга чейин Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлерине ымыркайдын энеси мурда зордукталганын айтып арыз жазды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

"Кыз зордукталгандан кийин боюнда болуп калганын айтууда. Ага карата соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

1992-жылы туулган жаран окуя катталган үйдү 2-октябрь күнү сатып алган. Үйдө анын бир тууган жээни, тактап айтканда, наристени төрөгөн кыз жашап жүргөн. 18-октябрда ал Кара-Кулжа районуна кетип калган. 2-ноябрда милицияга кабар берген жаран үйдү тазалап жатып, балкондон баштыкка оролгон наристени таап алган. Андан соң милицияга дароо кабар берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sonyasonya
2020-11-16 18:51:53
Кыздарыбызды ото эле коркок кылып тарбиялайбыз негизи,элдин эмне дейт деген тушунуп менен байкуш коркуп жатты да
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан