ГЭС-5 айылында Хонда Одиссей менен Ниссан унаасы сүзүшүп, бир айдоочу каза болуп, 5 адам жабыркады

Чүйдүн ГЭС-5 айылында Хонда Одиссей менен Ниссан унаасы сүзүшүп, бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түндө болгон.

"Жеңил унаанын биринин айдоочусу рулга ээ боло албай калып эки унаа сүзүшүп кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында 1977-жылы туулган айдоочу каза болгон. Ал эми 5 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан