12-октябрь күнү өтүүчү футбол боюнча Түштүк Корея менен Бразилия беттешинде башкы калыс өзбекстандык Равшан Ирматов менен бирге кыргызстандык Бахадыр Кочкаров калыстык кылат. Беттеш 12-октябрь күнү Сеулдагы World Cup стадионунда орун алат. Эске салсак, Бахадыр Кочкаров Равшан Ирматовтун калыстар бригадасынын курамында футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын оюндарын алпарууга жетишкен.