Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан унаасын жасалма номур менен айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып Лев Толстой жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
Текшерүү учурунда 2001-жылы туулган Ю.Б. аттуу айдоочу өзүнүн унаасын мыйзамдуу номурун катып, башка жасалма номур менен айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча унаа айып төлөөчү короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочуну Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.