Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, 46 жаштагы жаран күйүктөн каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда турак үйдөн өрт чыгып, 46 жаштагы жаран каза болду. ӨКМнын маалыматына ылайык, кырсык 16-ноябрда катталган.

Маалым болгондой, Айдаркен шаарынын Шакшак айылындагы 2 бөлмөлүү турак үйдөн өрт чыккан.

"Анын кесепетинен аянты 96 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер жабылган чатыр жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Кырсыктан 1974-жылы туулган жаран денесинен күйүк алып, каза болгон. Маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан