Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикалык багытында кардиналдуу өзгөрүү кадамдарга өтүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.
Анда Артём Новиков өзгөрүүлөрдөн коркпостон мезгил талабына жараша багыт алуу керектигин белгилеген.
"Биз мындан ары карай экстенсивдүү жол менен өнүгө албайбыз. Интенсивдүү өнүгүү жолдорун уюштуруу зарыл. Өзгөрүүлөрдөн коркпостон мезгил талабына жараша багыт алуу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик систем колдоо көрсөтүү инструменти катары эмес, тоскоолдук жаратуучу тутум катары кабылданууда. Мамлекеттик бийликтин образын өзгөртүү, ашыкча функциялардан баш тартуу, бюрократиялык создуктурууларды жоюп, бизнес үчүн бирдей атаандаштык чөйрөсүн камсыздоо керек. Жакынкы жылдары негизги маселе катары калкты жумуш менен камсыздоо каралышы керек", - деди Артём Новиков.