Артём Новиков бир айдын ичинде салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууга тапшырма берди

Бүгүн, 17-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Экономикалык реформалар боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Жыйында премьер-министрдин милдетин аткаруучу алдыдагы мыйзамдарды алга жылдыруудагы реформалардын биринчи кезектеги чараларын жана багыттарын белгиледи.

"Экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири – бул салык кодекси. Салык кодексин талдоо киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун туруксуздугун жана тутумсуз экендигин, салык төлөөчүлөр тарабынан нааразычылыктардын бар экендигин көрсөттү. Жаңы салык кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алууга убакыт келип жетти. Жаңы редакция эски мамилелерди жана салык башкаруу ыкмаларын жоюп, ал түз таасир этүүчү мыйзам катары колдонууга жөнөкөй жана салык төлөөчү үчүн түшүнүктүү болушу керек. Бир документте бизнес үчүн бардык салыкты жана социалдык төлөмдөрдү бириктирүү керек. Андыктан түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ 2 айлык мөөнөттө Салык кодексинин жаңы редакциясын жана тийиштүү ЧУА (ченемдик укуктук актылар) пакетин даярдашы зарыл, ал бизнес-коомчулук менен биргеликте талкууланып, коомдук талкуудан өткөрүлүп, Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кароосуна киргизилиши кажет", - деп белгиледи Артём Новиков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан