Ош облусунун аймагында акыркы суткада эки өрт кырсыгы катталды. Ноокат районунун Кара-Таш айылында 1 гектарга жакын жайыт күйүп кетти. Кырсыкка балдардын от менен ойноосу себеп болгон. Ал эми Өзгөн районунун Красный-Маяк айылында А.Сарыкеевге таандык 120 гектар жайыт өрттөндү. Кырсыктын себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.