"Комендант эженин демдеп койгон ашын алып качканбыз" дейт Камчы Сарыбаев. Маданият өкүлдөрүнүн студенттик жашоосундагы эсте калган окуялары

Бүгүн, 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү. Майрамга карата студенттик жашоону башынан өткөргөн, өткөрүп жаткан өнөр адамдарынын эсте калган окуяларын топтодук. Анда 10-20 жыл мурдагы студенттер менен учурдагы студенттердин жашоосундагы айырмачылыкка көңүл буруңуз.

Ырчы Гүлзат Байзакова мектепти аяктагандан кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын астындагы эки жылдык студияда билим алган.

"Студент кезде “ата-энеме жүгүмдү артпайын” деген ниетте театрдын полун жууп ишке кирип алгам. Экинчи кабаттагы Болот Миңжылкыев, Айсулуу Токомбаева, Артык Мырзабаев сыяктуу Советтер Союзунун Эл артисттеринин бөлмөлөрүн “сен таза жууйсуң” деп мага беришкен. 20 сом стипендия алчубуз. Анын 10 сому жатаканадагы тамак-ашыма, 10 сому жолума кетчү. Ал эми пол жууганым үчүн 76 сом айлык алчумун. Таза жууганым үчүн кийинчерээк 96 сом кылып көбөйтүп беришти. Бул чоң акча эле. Ошентип студент кезде эле бай жашадым", - деп эскерген студенттик күндөрүн.


Актёр Камчы Сарыбаев 1996-1997-жылдары искусство институтуна тапшырган. Ал студенттик күндөрдө кошумча каражат табуу үчүн күзөтчү, бармен, ун түшүргүч болуп иштеген. Студенттик күндөр десе эле тамак-аш уурдаган учурлар эске түшөт деген актёр бир окуясы менен бөлүштү.

"Институттун жатаканасында ашкана жалпы болот эмеспи. 4-5 бала чогуу жашачубуз. Бир күнү тамак жасайын деп бөлмөгө келсек талкан, май эле бар экен. Баягы талканды сууга чылап, май аралаштырып алып жарма кылалы деп асып койдук. Жарма кайнаганча эмне кылабыз, ашканага барсак эки кастрюль анан бир казан туруптур. Казандын ичин ачсак аш басылып жатыптыр. Бир кезде карасам аш демделип, даяр болуп калган экен, балдардын бирөө эшикти карап турду, башкабыз казанды алып, урган бойдон бөлмөбүзгө кирип келдик. Мына жейбиз десек, комендант "каякта, ким?" деп эле кыйкырып издеп келе жатыптыр. Биз коридордун эшигин кулптап койдук. Эмне кылабыз, кастрюлду ыргыта албайбыз. Терезенин жанында жаткан күрмөнү жазып казандагы ашты көмөрүп, жеңин байлап, балконго чыгарып койдук. А казанды коңшулардын терезесине ыргытып жибердик. Комендант эже эшиктин оозунда кыйкырып жаткан, эшикти ачсак кирип келип урушуп жатты. "Биз алган жокпуз" деп турабыз. Комендант эже жарым сааттай бөлмөнү карап, анан кетти. Ал кеткенден кийин куртканы ачсак аштын майы күрмөгө сиңип калыптыр, тамакты казанга салып, бышырган жармабыз менен жеп алганбыз".

Ырчылар Замир Арыкбаев менен Кубаныч Ажыбаев 2002-жылы Улуттук консерваторияга тапшырып, бир группада окушкан.

Замир Арыкбаев группада эки эле мырза болгонун, калганы жалаң кыздар экенин айтат. "Группада эки эле бала болчубуз. Кубаны (ред.: Кубаныч Ажыбаев) курстагы кыздардын баары жакшы көрчү. Ал аябай ак көңүл, шайыр, тартынбаган бала болчу. Ал жатаканада жашады. Студенттер күнүн белгилечүбүз, бирок эсимде калган учурлар жок экен. Ушунча кыздын ичинен Куба аяшымды тандаган".

"Замир Арыкбаев бат эле ырчы болуп, эл оозуна алынып кетти. Мен акчам жок чыга албай, тамада болуп тойлорду алып барып калдым. Негизи тамада болоюн деген оюм деле жок болчу. Бир жолу дос баламдын туугандары той өткөрүп, тамадасы келбей калыптыр. Жатаканада уктап жатсам, досторум ой-боюма койбой тургузуп, биринин шымын, биринин көйнөгүн, Аскаттын (ред. Мусабеков) костюмун кийгизип жөнөтүштү. Ошентип тойду алып барып, 500 сом таптым. Ал кезде бул акчага 1 шым, 1 көйнөк келчү. Акчанын даамын татып калгандан кийин тамада болом деп, далай тойлордун «кашасын» чыгардым", - деген Кубаныч Ажыбаев.


Ал эми учурда студенттик доорду сүрүп жаткан ырчы Толгонай Арзыкеева Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз-европа факультетинде билим алат. Башында үлгүлүү студент болууга аракет кылганын айткан ырчы, жайкы сессияга калып калганын эстеди.

"Мектепте жакшы окугандыктан, жогорку окуу жайда да жакшы окуюн дегем. Кийинчерээк кызыксыз боло баштадыбы, уктап калып, сабактарды өткөрүп баштадым. Эсимде, бир жолу сессия учурунда уктап калып, барбай калгам. Бирок ошондо деле кайгырбаптырмын. Бир сабагыбыз дайыма эртең менен болчу, саат 8де башталса керек. Ал сабакка көп катышпай, сессия учурунда шпаргалка жардам берет деп, көчүрүп жатсам эжейим келип "алып чык" деди. Шпаргалканы берсем, жазып жаткан дептеримди кошо алып, кабинеттен чык деп кетирип жиберген. Ошентип жайкы сессияга калып калгам. Анда деле кайгырган эмесмин".

Ырчы Салидинас Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин эстрадалык вокал бөлүмүндө 4-курста билим алат. Мындан тышкары ал кабакта ырдап, кошумча каражат табат.

"Студенттик күндөрүмдөн бут кийимимдин айырылып калганы эсте калган. Биздин окуу жайдын корпустарынын аралыгы алыс эмеспи. 2-курста окуп жүргөндө бир корпустан экинчи корпуска бара жатып, бут кийимим жыртылып калган", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан