Кечээ, 16-ноябрда Тышкы иштери министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланганы маалымдалат.
Ошондой эле маалыматта бул Кыргыз өлкөсүндө жаңы өкмөт куралгандан бери Кытай менен болгон биринчи расмий сүйлөшүү болгону белгиленет.
"Министрлер эки мамлекеттин ортосунда мурда келишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Министр Руслан Казакбаев эл аралык макулдашууларга ылайык, Кыргыз өлкөсү тарабынан мурда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишим, макулдашуулар аткарыларын айтты.Телефондук сүйлөшүүдө өзгөчө орун коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча маселеге берилди. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы жүк ташууларды көбөйтүү максаттуу экени белгиленген "Торугарт", "Эркечтам" чек ара өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгү тууралуу да сөз козголду.
Руслан Казакбаев коронавирус инфекциясынын жайылышы өлкөнүн макро экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын айтып, тышкы карыздын өлкөнүн бюджетине болгон жүгүн жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү маселесин айтып өттү.
Тышкы иштер министри Кыргыз өлкөсүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кытай жарандарынын коопсуздугун камсыздоого өкмөт тарабынан бардык керектүү чаралар жасаларын белгиледи.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кытай тарап Кыргыз өлкөсүнөн экспорттолуп келген айыл чарба продуктуларынын көлөмүн жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары министр Ван И Кытайдын кээ бир аймактарына кыргыз көмүрүн импорттоо пландалып жатканын айткан.
Соңунда тараптар Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана эки тараптуу мамилерди бекемдөөнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти" , - деп жазылат маалыматта.