Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү саат 09:30 чамасында жеңил унаа 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бир кишини сүзүп кеткен.

"1999-жылы туулган жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ыкчам иликтөө тобу айдоочуну кармаган. Ал Toyota Prado унаасын башкарып жүргөн 1956-жылкы М.П. аттуу жаран болгон. Тергөө материалдары Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилген. Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан