Бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда өкмөт тарабынан жасалып жаткан өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.
"Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүнүн президентин шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү, ошондой эле бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин белгиледи.
Ошону менен катар республика аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана андан улам экономикалык кесепеттерди минималдаштыруу боюнча Өкмөттүн кризиске каршы планын ишке ашыруу чаралары талкууланды.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын жана азыркы мыйзамдарды бузбастан өткөрүүгө бардык күч-аракеттер көрүлөрүн белгиледи. Ал үчүн республикалык штаб түзүлдү, аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектейт.
Ошондой эле Артём Новиков бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана социалдык милдеттенмелерди каржылоо тууралуу маалымат берди. Ал бюджеттин бардык корголгон беренелери каржылана турганын жана Өкмөт бардык социалдык кепилдиктерди аткарарын белгиледи.
Мындан сырткары, Артём Новиков азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү чаралары туурасында, алардын айрымдарына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана социалдык маанилүү товарларды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтомдордун долбоорлору даярдалып жатканын билдирди" , - деп жазылат маалыматта.