Милиция кызматкерлери тарабынан төлөм терминалдарын уурдоо менен алектенген уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрь күнү Октябрь РИИБине К.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү таңкы саат 05:00 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан бизнес борборлордун бирине орнотулган 200 миң сомдук төлөм терминалын жашыруун уурдап кетишкен. Терминалдын ичинде 497 миң 120 сом акча каражаты болгон. Андан кийин алар белгисиз жакка из жашырып кетишкен.
Мындан сырткары 12-ноябрь күнү Октябрь РИИБине дагы А.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат таңкы 04:20 чамасында 6-кичи районунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринен 200 миң сомдук төлөм терминалын жашыруун түрдө уурдап кетишкен. Ичинде 145 миң 965 сом өлчөмүндө каражат болгон.
"Жогорудагы аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жери аныкталып, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Н.У., 1998-жылы туулган С.Р., О.Ч жана Ч.Д аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.