
Жогорку Кеңештин депутаты
Эмил Токтошев Конституциянын жаңы долбоорунда демилгечи депутат катары көрсөтүлүп колу коюлганын, бирок чындыгында ал жаңы долбоорго кол койбогонун айтып чыкты. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
"17-ноябрь түнү Конституциянын өзгөртүлгөн варианты Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде мени да кол койгон деп чыгарышыптыр. Мен долбоорго кол койбогонумду дагы бир жолу баса белгилейм!
Мен Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү үчүн, ал процессти ичинен көрүү үчүн, ал долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн, демилгелөө топко кирүү үчүн колумду койгом. Кечээ даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмдүн каршылыгымды айтып, чыгып кеткем!
Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!" - деп жазган ал.