Кечээ, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Ал Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн расмий сайттарына жарыяланары менен талкууга алына баштады.
Азыркы тапта Конституциянын жаңы долбоору кызуу талаш-тартыш, пикирлерди жаратууда. Алардын арасында саясат таануучу Эмилбек Жороев Конституцияны өзгөртүү демилгесин легитимсиз деген пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Парламенттин мындай демилге көтөрүүгө легитимдүүлүгү жок, президентти азыр эски (учурдагы) Конституциянын негизинде шайлаганы турабыз, Конституциянын жаңы долбоорун мыйзам боюнча мындай кыска убакытта референдумга чыгаруу мүмкүн эмес. Бул демилгенин өзү абсолюттук түрдөгү мыйзамдык нигилизм. Эми, долбоорго кайрылалы.
Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору кабыл алынуусу кыргыз элине карата жогорку деңгээлдеги кыянаттык болот. Бул долбоор- 1) коркунучтуу, 2) маанисиз, 3) ретрограддык, 4) сабатсыз, 5) юридикалык түшүнүктөргө жатпаган, 6) кайталанган, 7) Баш мыйзамга тиешеси жок, жана ушул кемчиликтердин ар кандай комбинациясы байкалган беренелер ондоп саналат.
Жалпысынан, бул долбоорду студент жазса, ага 2 деген баа берилиши керек. А саясий маанисин айтуунун кереги да жок.
Аз эле мисалдарды белгилесек. Президенттин бийлиги чексиз, жоопкерчилиги нөл. Парламент жөн гана байкоочу орган, дээрлик эч нерсе чечпейт, ритуалдык гана ролдору калган. Өкмөт башчысы мурдагыдан беш бетер "пешка", президенттин катчысы болуп калган жана президент аны да, министрлерди да каалаганча алмаштырат. Туруктуу өкмөт күтпөй эле койгула.
Курултай деген жаңы институт киргизип коюшуптур. Анын тиши да жок, мааниси да жок, бирок керектүү демилгелерди президентке уюштуруп берчү курал. Парламенттин да долбоордогу ыйгарым укуктары Курултайдыкындай эле экен, ошол парламетти эле Курултай деп атап алса жетишмек, логикага да бир аз сыймак.
Бул конституцияны ишке киргизүүнүн жоболору ого бетер опурталдуу" , - деген Эмилбек Жороев.