Бүгүн, 27-сентябрь күнү Бишкектеги “Family sport” бассейнинде сууда сүзүү боюнча КРнын Президентинин Кубогуна болгон 3-Эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Мелдеш чоңдор арасында 18 жаштан жогору, өспүрүм балдар арасында 17 жаштан ылдый жана кыздар арасында 20 жашка чейинкилер арасында өтүп жатат.