Өлкөнүн Баш мыйзамынын жаңы долбоору коомдо кызуу талкуулардын жаралышына алып келди. Кыргыз өлкөсүндөгү саясий-коомдук кырдаал коңшу мамлекеттердин да көңүл чордонунда турганы бышык.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнүн Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кандай пикирдесиз?" деген суроо менен орусиялык саясат талдоочу, Борбордук Азия мамлекеттери боюнча саясий эксперт Аркадий Дубновго байланышты.
Аркадий Дубнов Конституциянын жаңы долбоорун окуганын айтып, төмөндөгүдөй пикирин билдирди.
"Кыскасы, бул долбоор укмуштуу экен. Анын мааниси документтин авторлорунун кесиптик жараксыздыгынан, саясий бир жактуулугунан жана абсолюттук юридикалык алсыздыгынан кабар берет.
Буга күбө болуу үчүн президенттин жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктары менен ЖМКлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча беренелерди окуу гана жетиштүү.
Өлкөдөгү жогорку бийликти ооздуктап алууга даяр болгон адамга Түркмөн диктаторунун ийгилиги тынчтык бербей жаткандай сезим калууда.
Өлкөнү укуксуздуктун жана "өзүм билемдиктин" сазына алып баруу. Ал эми коомдук жашоону примитивдүү жашоого түртүү деп эсептейм" , - деди Аркадий Дубнов.