Чүйдүн Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 13-октябрына караган түнү Военно-Антоновка айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз бирөөлөр киришип, үй буюмдарын жана тиричилик техникаларын уурдап кетишкен. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 22 жаштагы Б.Т., 21 жаштагы Н.А., 19 жаштагы М.А., 18 жаштагы Т.Б., К.А. ошондой эле 16 жаштагы Ж.А, А.Ж. аттуу шектүү жарандар кармалган.
"Териштирүү учурунда кармалгандардын дагы башка кылмыш иштерге тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүү жарандар жашаган үйдөн уурдалган далил буюмдар табылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдирет маалыматта.