Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты катышкан жол кырсыгы. Айдоочу жазадан бошотулду

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгында 4 адам каза болгон. Бул иш боюнча сот чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Ысык-Көл райондук соту 11-ноябрда чыгарган.

"Анда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков сотко күбө катары катышкан. Ал эми BMW Х7 унаасынын айдоочусу Эльдияр Халмурзаев кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле 3 жыл машина айдоо укугунан ажыратылып, 70 миң сом айып пул салынган. Бирок сот айдоочуну жарыяланган мунапыстын негизинде жазасынан бошоткон", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 7-июль күнү Lexus ES 300 менен BMW Х7 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, Lexus ES 300 унаасында бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөө окуя болгон жерден жан берсе, экөө ооруканада көз жумган. Ал эми BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aimani
2020-11-19 10:33:39
Акчанын күчү да чиркин. Төрт адамды өлтүрө сүзүп мунапыс деп бошонуп кетсе, сөз жок биздин сотторго. Ыйлагын келет.
+11
bond02
2020-11-19 10:39:22
Ана сага адилеттуулук, ана закон. Озу Кыргызстанда жалан акчалуу мансаптуулар прав да.
+8
ooki8888
2020-11-19 11:53:25
Бул эмне деген акмакчылык!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан