Трендден артта калбай... Балдары менен Тикток тарткан жылдыздар

Музыка менен коштолгон кыска видеолорду жасоо, тагыраагы, Тикток тиркемесинин аудиториясынын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр болсо калгандары орто жана улуу муундун өкүлдөрү. Аталган тиркемени колдонуп, түрдүү видеолорду жасагандардын арасында ар кайсы тармактын өкүлдөрү бар. Кыргыз шоу-бизнесиндеги белгилүүлөрдүн балдары, үй-бүлө мүчөлөрү менен тарткан видеолорун топтоп көрдүк.

Ырчы Назми Байзакова трендден калбай карантин учурунда балдары менен видео тарткан. "Үйдө камалып отургандын дагы жакшы жактары бар экен. Балдарың менен бир толкунда болуп калат экенсиң", - деген ал.

Ырчы Анжелика бардык тармакта өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Ал кыздары менен эле эмес, апасы болуп чогуу тартылган видеолору менен бөлүшүп турат.

Кылкыякчы Залина Касымова кызы жана уулу менен биргеликте музыка коштолгон видеолорду тартышкан.

Балдары менен кыска видеолорду тарткандардын арасында актриса Альбина Имашова да бар. Ал ортончу кызы Арууке менен карантинде видео тартып, "тиктокерша" болуп кеткенин айткан.

Актёр Камчы Сарыбаев балдары менен элден калбай бийлеп, күйөрмандарынын көңүлүн көтөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mubarak
2020-11-20 09:47:44
Альбина сонун бийлептирго
0
Barcho
2020-11-20 11:06:08
Уят эле каарыганда калжандап
0
PeRa
2020-11-20 11:20:30
Альбина ырынын маанисин түшүнөт болду бекен.
0
Jibakana
2020-11-20 14:13:51
PeRa,а сенчи тушундурбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан