Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев: "Мен Конституциянын өзгөрүшүнө каршымын"

Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев Конституциянын өзгөрүүсүнө каршы экендигин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мен Конституциянын бул өзгөрүшүнө каршымын. Бул быша элек жана коомдун бөлүнүүсүнө алып келет. Бийликтер ортосундагы баланстын бузулуусуна алып келет. Биз өнүгүүдөн артта калабыз. Бизге адамдын
диктатурасы эмес, мыйзамдын диктатурасы керек. Биз бул коомдук келишимди сыйлоону үйрөнүшүбүз керек. Эгерде бул өзгөртүүлөр коомдун бир эле бөлүгүнө жакпаса, аны күч менен байлабоо керек. Эртеби, кечпи бул нерсе бир жарылууга алып келет. Ошол үчүн мен мыйзамга оңдоолорду киргизип жаткан авторлорду шашпоого жана ар бир пунктту коомдун ачык талкуусуна коюуга чакырат элем. Конституция консенсус менен гана кабыл алынышы керек. Болбосо саясий туруксуздуулуктан улам кийинки толкундоолорго алып келүүсүнө сиз жоопкерчиликтүү болосуз", - деген билдирүүсүн калтырган.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. Ал Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан