Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын төрагасы Максат Мамыткановдун басма сөз жыйыны болду. Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр президенттик шайлоону өткөрүүнү уюштуруу, анын коопсуздугун камсыздоо боюнча маалымат берип, журналисттер тарабынан берилген кээ бир суроолорго жооп берди.
Жыйындын жүрүшүндө SUPER.KG порталы Максат Мамыткановго "Сиз эгер кызматка келип калсам, өлкөдө болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүүлөр болот деп айттыңыз эле. Кызматка келдиңиз, эми кандай реформаларды жасай аласыз?" деген суроо узатты.
Берилген суроого Мамытканов төмөнкүдөй жооп берди. Анын айтымында, максаттарды реалдуу ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңештин тастыктамасы керек болууда.
"Биздин өкмөттү көрүп жатасыздар, 5-6-октябрда болгон окуялардын жыйынтыгы, элдин демилгеси менен бийликке келди. Биз жасай турган өзгөрүүлөрдү аягына чыгарыш үчүн бизге элдин толук ишеними керек. Ал үчүн жаңы Жогорку Кеңештин шайлоосу менен келе турган парламент болуш зарыл, ал шайлоо да жылып калды. Мына азыр мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо өтүү алдында турат. Андан тышкары конституциялык реформа башталып жатат. Бул маселелердин баарын камтылгандан кийин биз өзүбүз айткан сөздөрдү ишке ашыра алабыз. Азыр негизги максатыбыз туруктуулукту жана мамлекеттик институттарды сактап калуу. Биздин максаттарды Жогорку Кеңеш тастыктап бериши керек жана жөн эле реформа жасай берели деген туура эмес. Ооба, биздин максат ниеттерибиз бар, бирок алардын баары мыйзам жолу менен ишке ашышы керек", - деп жооп берди Мамытканов.