Чүй облусунун Сокулук районунда унааны уурдай качкан жаран кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда унааны уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун 32 жаштагы тургуну Ч.Б. Новопавловка айылынан 24-октябрь күнү короосунан Субару Форестер унаасы уурдалганын айтып, арыз жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 24 жаштагы Р.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда соттук иш-чаралар өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан