Кыргызстандын оор атлетика боюнча жаштар курама командасы Өзбекстан командасы менен чогуу машыгуу сборун өткөрөт

Кыргызстандын оор атлетика боюнча жаштар курама командасы менен Өзбекстан командасы биргеликте машыгуу сборун өткөрөт. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирет. Өзбекстан курама командасы 30-сентябрь күнү Бишкекке келип, 25-октябрга чейин биздин команда менен машыгууларды өткөрөт. Өзбекстандын курамында жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орун алган спортчулар бар экен. Улан Молдодосов машыгуулар тууралуу: “Мындан сырткары Казакстан командасы менен бирге машыгуу өтүү тууралуу сунуш бар. Бул машыгуулар биздин спортчулар үчүн өтө пайдалуу болот” – деп билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан