"АКНЕТ" компаниясынын кызматкерлери мурдагы жетекчисине каршы кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаардык сотунун алдына "АКНЕТ" компаниясынын кызматкерлери мурдагы башчысынын жумушка келишине каршылыгын билдирип митингге чыгышты. Митингге чыккандардын айтымында, "АКНЕТ" компаниясынын 3 башчыларынын бири, мурдагы жетекчиси Кубан Ажимудиновдун келишине каршы. Компанияда иштегендер азыр "АКНЕТте" мурдагыга салыштырмалуу бир топ жылыштар бар экенин жана компания мыйзам чегинде иш алып барып жатканын айтышты.

Компаниянын оңдоо тармагында иштеген Азамат Барманбаев компаниянын мурдагы убактагы шарттары менен азыркы убакттагы шарттарында асман менен жердей айырма бар экендигин айтты. "Бизге азыр айлык алсак картабызга түшөт. Мурда накталай берилчү. Ооруп калсак атайын акча бөлүнөт. Кыскасы компанияда көп нерселер бизге ыңгайлуу болуп өзгөрдү", - деди ал.

Ал эми "АКНЕТ" компаниясынын жактоочусу Рустам Абдурауфовдун айтымында, компаниянын мурдагы ээси Кубан Ажимудинов өлкөгө 700 миллион сом зыян келтирген.

"5-6-октябрда биздин өлкөбүздө эмне болгондугу баарыбызга маалым. Ушундан улам Кубан Ажимудинов эркиндикке чыгып, "Акнет" компаниясына 50-60тай адам менен келип басып алган. Бизде анын кабинетке чейин кирип, жумушчуларды кетиргени тууралуу видео тасма бар. 6-октябрда аны менен кошо чыккандардын бири качып кетиптир. Учурда анын кайда экени белгисиз. Ал келмейинче соттук процесстер бир, эки жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Бүгүн "Акнет" компаниясында иштегендер сотторго кысым болбоосу үчүн жана Ажимудинов эркиндикке чыгып кайра компанияны басып албашы үчүн митингге чыгышты", - деди Абдурауфов.

Ал эми, компаниянын учурдагы аткаруучу директору Азат Базаркулов Кубан Ажимудинов тарабынан сотторго коркутуу болуп жатканын айтты.

"Биздин бул жакка келгенибиздин себеби бүгүн эртең менен Кубан Ажимудиновдун тарапташтары келип сотторду коркутуп кетишти деп айтышты. Мындан улам "Акнетте" иштегендер Кубан Ажимудиновго каршы экендигин билдирип, өздөрү келишти. Компанияда үч жылдан бери эле ызы-чуу жүрүп жатат. Менин аткаруучу директор болуп келгениме 1 жарым жыл болду. Социалдык фондго, салыкка төккөн каражаттарыбыз 3-4 эсеге көбөйдү. Биздин бир эле талабыбыз сот жана тергөө органдары бул ишти мыйзам чегинде карап, аягына чыгарып беришсин деген талап", - деди Базаркулов.

Кубан Ажимудинов “АКНЕТтин” кожоюндарынын бири жана ал компаниянын 33, 34 пайыз үлүшүнө ээ, тиешелүү төлөмдөрдү алып турат.

Компаниянын мурдагы убактысы менен азыркы убактысы асман менен жердей - дейт "Акнетте" иштеген жаран.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан