Кант шаарындагы жол кырсыгынан дагы 3 адам каза болду. Буга чейин үчөө каза болгон. Маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Анда кечээ, 18-ноябрда Хонда Степвагон автоунаасы менен жүк ташуучу КамАЗ үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, үч адам каза болгон.
"3 адам окуя болгон жерде каза болгон, андан кийин дагы үчөө каза болду. Алардын арасында 13 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми ооруканада 3 жаран дарыланууда. Жалпы унаада 9 адам бар болгон", - деди басма сөз кызматынан.