Ичимдик ичип отуруп уруша кетишкен. Жайылда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип аялы кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда күйөөсүнө бычак сайды деген шек менен аялы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болгон. Анда бычактан алган жаракатынан улам Сосновка айылынын 32 жаштагы жашоочусу өзүнө келбей оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгондугу айтылган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине Жазык кодексинин 130-беренеси "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, каза болгон жарандын 29 жаштагы жубайы А.А. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө бирге алкоголдук ичимдик ичип отурушуп, ортодо пикир-келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында аялы күйөөсүнүн моюн тарабына бычак сайган, ал эми күйөөсү ооруканадан каза болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан