Канттагы 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Жеңил унаанын айдоочусу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат

18-ноябрь күнү Кант шаарында Хонда Степвагон унаасы менен КамАЗ сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 3 адам каза болгон. Калгандары "Тез жардам" кызматы аркылуу Ысык-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген.

Андан кийин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаада жүргүнчү катары бара жаткан дагы үч адам каза болгонун билдирди. Каза болгондордун арасында 1ге чыга элек наристе бар.

Бүгүн, 20-ноябрда Чүй ОИИББи каза болгондор менен ооруканада жаткандардын аты-жөнүн толук жарыялады. Алар: 2005-жылы туулган А.Э. (кыз киши)

1980-жылы туулган М.А. (аял киши);

1947-жылы туулган О.Р. (аял киши);

2020-жылы туулган Д.Т. (наристе);

1965-жылы туулган К.Н. (аял киши);

2007-жылы туулган К.К. (эркек киши).

Ооруканада жаткандар;

1.Нарын шаарынын 1994-жылы туулган С.Р. (айдоочу);

2.Бишкек шаарынын 2012-жылы туулган тургуну Т.К. (кыз киши);

3. Нарын шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Ж.А. (эркек киши).

Ысык-Ата аймактык ооруканасынын директорунун орун басары SUPER.KG порталына Хонда Степвагон унаасынын 25 жаштагы айдоочусу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди.

"Абалы оор. Ал эми 8 жана 21 жаштагы жүргүнчүлөрдүн абалы туруктуу", - деди директордун орун басары.

Учурда Ысык-Ата РИИБи бул жол кырсыгынын келип чыгуу себептерин аныктап жатышат. Ошондой эле бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2020-11-20 12:48:19
Акырын эле айдагылпчы
+2
Almazhhhh
2020-11-20 14:03:56
Одиссейге 9 адам бар бекен?
0
narynbek2001
2020-11-20 15:11:45
Булар Токмокту коздой эл таашыган машинелер. Дайыма катуу айдашат
+2
aizbek
2020-11-21 10:19:40
Степ 200%кунолуу,жан талашпай акырын эле айдаш керек болчу,эмне болду эми канча кишини кайгыга салды,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан