27-сентябрь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары өттү. Анда Кыргызстан менен Катар курама командалары беттешип, 4:3 эсебинде Катар командасы жеңишке жетти. Бул беттештен кийин Кыргызстан курама командасы тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Эске салсак, биринчи беттеште Кыргызстан Оман менен беттешип, 3:3 эсебинде тең чыккан эле.