Беделдүү "Оскар" киносыйлыгына Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Жөө күлүк" тасмасы катышат

Кыргыз режиссёру Мирлан Абдыкалыковдун эмгеги беделдүү "Оскар" киносыйлыгына катышат. Тагыраагы, "Жөө күлүк" тасмасы "Оскар" киносыйлыгынын "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында Кыргыз өлкөсүнүн атынан ат салышарын Кыргыз киноматографисттер департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Оскар комитетинин 19-ноябрдагы чечими менен "Жөө күлүк" тасмасы аталган сыйлык үчүн ат салышууга көрсөтүлдү.

93-жолу өтө турган "Оскар" сыйлыгынын ээлерин аныктоо, сыйлоо аземи 2021-жылдын 25-апрелинде Лос-Анжелесте өтөт.

Мирлан Абдыкалыковдун аталган тасмасы буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалга катышып келген. Ошондой эле тасма Пусан эл аралык кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.

"Жөө күлүк" тасмасы 12 жаштагы өспүрүмдүн жашоосунан алынган окуя. Өспүрүм бул жашоонун көптөгөн кыйынчылыктарына кабылганына карабастан өзүнүн жүрөгүндөгү адамгерчиликти жана боорукерликти сактап калган. Жекшен бул дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү мүмкүн экенине дагы да болсо ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2020-11-20 20:22:53
Жакшы жанылык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан