Материалдык жардам көрсөттү. Талант Мамытов октябрь окуясында жаракат алгандар менен жолугушту

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 5-6-октябрдагы башаламандыкта жаракат алган жарандар менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан жолугушуу 20-ноябрда орун алганын кабарлады.

Жолугушууга ар кандай даражада жаракат алгандар - Табышбек уулу Рыскелди,Талант Бейшеев, Нурлан уулу Уларбек катышты.

Талант Мамытов бийликтин адилетсиз саясатынын аркасында өлкөдө үчүнчү элдик толкундоолор жаралып, ага жарандардын парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул эместиги негизги себеп болгонун өкүнүү менен белгиледи. Ал жарандардын ден соолугу менен өмүрү кайсы гана бийликтен болбосун кымбат турарын баса белгилеп, мындай окуялар мындан ары өлкөдө кайталанбай тургандыгына үмүт артарын билдирди.

Азыркы тапта жарандар өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандыгын, ага байланыштуу конституциялык реформа башталганын белгиледи.

"Баш мыйзамга байланыштуу маселелерге максималдуу түрдө тыкыр мамиле кылуу зарыл. Андыктан коомчулуктун ар кыл чөйрөсүнүн өкүлдөрү кирген кеңири курамдагы Конституциялык кеңешме түзүлдү", - деп айтты Талант Мамытов.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу жолугушуунун катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүп, аларга бекем ден соолук, бакубат турмуш каалады. Ар дайым алар менен жолугушууга ачык экенин белгиледи.

Өз кезегинде октябрь окуясында жабыркагандар Талант Мамытовдун мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө байланыштуу пикирлери менен бөлүштү. Ошондой эле жеке мүнөздөгү маселелерин да билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан