1 сааттан ашык убакыт бою жыйынды баштай албай... Бүгүнкүгө белгиленген Конституциялык кеңештин жыйыны токтотулду

Бүгүн, 21-ноябрда Улуттук илимдер академиясында Конституциялык кеңештин жыйыны орун алды. Бирок 1 сааттан ашык убакыт бою кеңешменин мүчөлөрү жыйынды баштай алган жок. Буга айрым мүчөлөрдүн Конституциянын жаңы редакциясын сунуштаган автор ким жана ал дагы жыйынга катышсын деген талаптары себеп болду.

Мындан улам жыйын токтотулуп, дүйшөмбү күнгө калтырылды.

Жыйында кеңешменин мүчөлөрү "Мамлекеттик Конституциялык түзүлүштүн негиздери", "Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери" жана "Мамлекеттик бийликтин органдары" деген 3 секцияда талкуу кылышмак.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан