"Чач" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү аэропорттон кармалды. Ал кечээ, 20-ноябрда колго түшүрүлгөнүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларды издөө иштеринин алкагында Чүй облусунан Э.М. (каймана аты "Чач") кармалды. Ал буга чейин крим төбөл Алманбет Анапияевдин (2015-жылы Беларуста өлтүрүлгөн) кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Кармалган жаран Кыргыз өлкөсүнүн аймагында бир нече кылмыш иштерине катыштыгы бар деп шектелүүдө, ошондой эле анын резонанстуу криминалдык окуяларга, Жалал-Абаддагы ок атышууларга тиешеси бар.
Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызнефтегаз” ААК мурунку жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад облусундагы ишкерлерин жана тургундарын күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап келгендиги тууралуу жергиликтүү тургундардан өтө көп кайрылуулар келип түшкөн.
Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, УКМК Э.М.нын иш-аракеттерин документтештирүүгө багытталган тиешелүү чараларды көрүүнү жана анын кылмыш чөйрөсүнө байланышкан адамдарды аныктоону улантууда. Учурда кармалган жаран СИЗО-1ге киргизилди", - дешти мекемеден.